Жогорку Кеңеште депутат Акбөкөн Ташатанбеков айыл чарба министрине кайрылып, соцобъектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча реформа качан соңуна чыгарын сурады.
Министр Бакыт Төрөбаев кайсы объектилер жөнүндө кеп болуп жатканын тактады.
"Убагында колхоз-совхоздор мамлекетке өткөрбөй койгон 1,5 миллиард сомдук 350 соцобъектини аким кабыл алуудан коркуп жатат. Жардам берип, баалап берип койгулачы. Эл соту жок эле өткөрүп жатат. Мына Акылбек Үсөнбековичтин келинчегине рахмат, бала бакчаны өткөрүп берген, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары былтыр оорукананы кайтарган. Дагы 350 объектини өткөргөнү жатышат, жардам кылып баалап берип койгулачы", — деди Таштанбеков.
Бакыт Төрөбаев комиссия түзүлүп, бардыгы кайтарылып жатканын айтса, эл өкүлү залдан микрофону жок кыйкыра баштады. Мындан улам ага процедуралык микрофондон бир мүнөт берилди.
"Прокуратуранын, эч кимдин кереги жок. Аким кабыл алуу актысына кол коюп койсун, болду. Өз каражатым жетпей жатат. Үч объектини өткөрүп берүүдөмүн. Алып койгулачы, башка эч нерсенин кереги жок. Акимге айткыла, коркпосун. Түшүнүп турам, мурдагы президент, министр, бандиттер отурат. Мен да коркуп жатам. Бирок элге алып берип, жер мафиясын жеңишибиз керек", — деди депутат.
Министрлер кабинетинин өкүлү баарын түшүнгөнүн айтып, маселе чечилерин убадалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн