Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу маселе көтөрдү.
"Мен өткөн жумада иш сапарым менен Лейлек районунда болуп келдим.
Эл менен жолугушуу учурунда элдин биринчи кезекте Баткен облусуна берилген өзгөчө статус маселесин көтөрдү. Өзгөчө статус 62 айылдан башка айылдарга да берилиши керек.
Мындан сырткары, Баткен-Раззаков жолунун Белес тилкесинде жолду сел алып кеткен. Бир унаа араң өтөт. Канча убакыт болсо дагы жол оңдолбойт. Бул боюнча тапшырма бериш керек",- деди депутат.
Ошондой эле, Чынгыз Ажибаев Лейлек районундагы миграция маселеси боюнча маалыматты сурады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн