Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Депутат Баткенге аскер шаарчаларын курууну сунуштады

10.09.2021 14:59
924
Депутат Баткенге аскер шаарчаларын курууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Баткен облусунун аймактарына коопсуздукту сактоо максатында аскердик шаарчаларды курууну сунуштады. Бул тууралуу ал "Марал" радиосуна берген маегинде билдирген.


"Баткен боюнча парламентте бир топ эле сунуштар түшүп жатат. Менин кесиптештерим да, мен да: «Баткендин чек ара чыры өтө курч турган айылдарды бириктирип туруп, аскер шаарчасын куруп, коопсуздукту камсыздап берели» деген пикир айттык. Чек ара кызматына дайындадык, алар мунун үстүндө иштеп жатабыз дешти. Жумушчу топ бул тууралуу бир канча жолу жолугушуп, өкмөткө сунушту берген. Эми өкмөт бул мыйзамдын аткарылышы боюнча өзүнүн токтомдорун, жоболорун иштеп чыгышы керек",- деди депутат айым.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн