Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Бишкекте кымбат болсо да, унаа токтоочу жайларга орун берүү керек экенин билдирди.
Депутаттын айтымында, Манас проспектинде Чүй проспектинен Ахунбаев көчөсүнө чейин унаа токтотуучу жай жок.
"Макул төлөм кымбатыраак болсун. Бирок унаа токтотконго орун табыш керек. Жолго аргасыз токтотсоң Партулдук милиция келип айып пул салат. Айрымдар көчөнү унаа токтотуучу жай кылып, бизнес кылып алды",- деди Бактыбек Турусбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн