Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Чынгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүү боюнча I жыйынга катышты

30.04.2022 21:04
857
Депутат Чынгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүү боюнча I жыйынга катышты

29-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин I отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты билдирди.


Баткен шаарында уюштурулган иш-чарада 2021-2035-жылдарга карата Баткен облусун өнүктүрүүнүн жол картасын ишке ашыруу маселеси талкуулады.

Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш “Баткен облусунун статусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык 2022-жылдын февралында түзүлгөн.


Талкуу маалында депутат Чынгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүүнүн зарылчылыгын айтып, өзгөчө чек арага чектеш айылдардагы калкты социалдык камсыздоо жана мамлекеттик колдоо маселелерине токтолду.  Ошондой эле Баткен облусунун айылдарынын инфратүзүмүн, айрыкча жолдордун абалын жакшыртуу керектигин белгиледи.

Муну менен катар инвестиция тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселеси талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн