Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Чынгыз Ажибаев Лейлек районунан келип, ЖОЖдордо билим алып жаткан мыкты студентерге сый тамак уюштурду

21.12.2022 10:40
403
Депутат Чынгыз Ажибаев Лейлек районунан келип, ЖОЖдордо билим алып жаткан мыкты студентерге сый тамак уюштурду


 

Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев Лейлек районунан жана Сүлүктү шаарынан мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан мыкты студенттерге сый-тамак уюштурду. 


Студенттер бул жолугушууда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Алмазбек Рахманкулов, кеңешчиси Жаныбек Алымкулович, бир канча жыл АКШда элчи болуп эмгектенип келген Муктар Жумалиев менен чай үстүндө пикир алышып, ой бөлүшүштү.


Атайын долбоорлорду карап чыгуу, медицина тармагында окуган студенттерди атайын түзүлгөн долбоорлорго киргизүү, ар бир маалыматты айыл жергесиндеги окуучуларга жеткирүү, виза маселелери, атайын социалдык проекттер, ишканалар менен жумушчу орундарын түзүү боюнча сунуштар айтылды.


Депутат Чынгыз Ажибаев мыкты окуган студенттердин башын бириктирип, алардын аракетин, билимге болгон умтулуусун көрүп, аябай ыраазы болгондугун билдирди. Келечекте мыкты кесиптин ээлери даярдалып, талыкпай билим алып жаткандыгын баса белгиледи. Студенттер мындай көңүл буруу менен чоң стимул алгандыгын, дагы да болсо ар бир аракетин, алган билимдерин өлкөбүздүн келечеги үчүн жумшоого даяр экендигин айтып, депутат мырзага ыраазычылыгын билдиришти. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн