Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат Чынгыз Ажибаевдин демилгеси менен чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга акысыз көмүр таратылууда

17.01.2023 08:20
576
Депутат Чынгыз Ажибаевдин демилгеси менен чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга акысыз көмүр таратылууда

Депутат Чыңгыз Ажибаевдин демилгеси менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга көмүр таратылууда


 

Тиешелүү демилге Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев тарабынан көтөрүлүп, азыркы учурда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында жашап жаткан үй - бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Депутат Чынгыз Ажибаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт  Төрөбаевге 2022 - жылдын сентябрь айындагы Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарында болуп өткөн каргашалуу окуялардан улам үйлөрү өрттөлүп, тонолуп, убактылуу Чүй облусунун ар кайсы райондорунда жана Бишкек шаарында аргасыздан күн кечирип келе жаткан үй - бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылуу жөнүндө маселени көтөрүп, көмөк көрсөтүүнү демилгелеп, тиешелүү кат жолдогон.


Депутаттын демилгеси менен бул иш өз жыйынтыгын берип, азыркы учурда ар бир үй - бүлөгө 1 тоннадан көмүр таратылып жатат. Өз кезегинде, көмүр алган жарандар кычыраган кыштын ызгаардуу күнүндө мындай демилгеси ишке ашып, элге жылуулук тартуулоого себепчи болгон депутат Чынгыз Ажибаевге терең ыраазычылык билдирүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн