Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Чолпон Султанбекова Кадамжайдагы айылдарда таза суу чыгартып, медициналык мекеменин курулушуна капсула салды

15.11.2022 14:22
415
Депутат Чолпон Султанбекова Кадамжайдагы айылдарда таза суу чыгартып, медициналык мекеменин курулушуна капсула салды

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова иш сапары менен Кадамжай районундагы бир нече айылдарды кыдырды.


Депутат Халмион жана Кыргыз-Кыштак айыл аймактарында таза сууну чыгартып берди.

Долбоорго БАЭлик Али Айоуб дагы колдоо көрсөткөн. 

Ынтымак, Халмион жана Кыргыз-Кыштак айылдарында жалпысынан 14 скважина орнотулган.


Чолпон Султанбекова таза суу чыгаруу долбоору муну менен аяктабай турганын билдирди. Ал ошондой суу чыгаруу аркылуу кайрак жерлерди өздөштүрүүгө мүмкүн экенин кошумчалады.


Мындан сырткары эл өкүлү Таш-Дөбө айылындагы авариялык абалдагы ФАПтын ордуна жаңы ФАПтын курулушуна демөөрчү болуп, анын курулушуна капсула салды.


Жергиликтүү тургундар депутат Чолпон Султанбековага ыраазычылык билдирип, ага ден соолук каалап бата берди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн