Эдил Байсаловдун деңгээли цирктин директорунукундай. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Эдил Байсалов депутаттарга карата абайлап сүйлөш керек.
"Эдил Байсалов деген мамлекеттеги 4-адам. Адам ал 25 миң добуш алып, шайланып келген депутаттарды сындоодон мурда ойлонушу керек.
Буга чейин бир жолу да шайланып келе алган жок. Керек болсо 100 добуш ала албайт",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн