Демек, Райымбек Матраимов жакшы менеджер экен да. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда депутат Мурадыл Мадеминов билдирди.
Отурумда Мадеминов Бажы кызматынын төрагасына Райымбек Матраимов иштеп турганда "Торугарт", "Эркештам" бекеттеринен күнүнө канча унаа өткөнү тууралуу сурады.
"Матраимовдун убагында бир күндө 70-100 унаа өтчү. Азыр бул көрсөткүч 70 пайызга төмөндөгөн",- деп жооп берди Самат Исабеков.
"Демек, Райымбек Матраимов жакшы менеджер экен. Эмне үчүн ага окшоп иштей албайсыңар?",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн