Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат: Кумтөр боюнча акылдуу Акылбек Жапаровго кайрылдым, бекиткен маалымат барбы?

10.02.2022 13:33
414
Депутат: Кумтөр боюнча акылдуу Акылбек Жапаровго кайрылдым, бекиткен маалымат барбы?

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Кумтөр боюнча маселе көтөрдү.


Анын айтымында, Кумтөр боюнча маалымат ачык болушу керек.


"Силер жакшы мамлекетибиздин тарыхында мурдагы президенттердин убагында "Кумтөрдөн" 3 миллиондон 5 миллион долларга чейин пара алынган.


Бийлик башына сабырдуу инсандар келип, "Кумтөр" элге өттү. "Кумтөр" боюнча акылдуу Акылбек Жапаровго кайрылдым. Мен "Кумтөр" боюнча маалымат алып элге билдирейин дегем. Бирок жооп болгон жок. Менде күмөн пайда болду. Ал кишиден коркуп калдым. Элден бекиткен маалымат бар экен деп ойлоп калдым. Биз Кыргыз мамлекетинин алтынын бөлтүрүк менен карышкырга кайтартып жатыптырбыз деп ойлоп калдым. Акылбек Жапаров боюнча сөздөр көп. Эл арасында "Акылбек Жапаровдун чөнтөгүн тигип иштеткиле, Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаган" деп айтылып келет", - дейт Токторбаев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн