Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 22:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Депутат Кумтөрдөн 200 миң доллар айлык алып, Канаданын кызыкчылыгын коргогон адамдарды атады

06.04.2021 17:46
2788
Депутат Кумтөрдөн 200 миң доллар айлык алып, Канаданын кызыкчылыгын коргогон адамдарды атады



“Кумтөр” кенинин ишмердүүлүгүн текшерүүдө мамлекеттик кызыкчылыкка шек келтирген адамдарды катардан алыстатуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров “ Кумтөр” кенинин ишмердүүлүгүн текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын отурумунда билдирди. Ал 2012-жылдары “Центерра Голд Инк” компаниясынын директорлор кеңешинин курамындагы кыргыз тараптан кирген 3 өкүл, айрым маселелерде мамлекеттик кызыкчылыгын коргобой, канадалыктарга адвокат болуп келгенин айтып, азыр анын ишин текшерген комиссияга эксперт болуп киргенин белгиледи.


«Менин билишимче, директорлор кеңешинде отурган биздин эргулдар 180-200 миң доллардан айлык алып, кыргыздын кызыкчылыгын коргобой, Канаданын адвокаты болуп жүргөн. Алар Калыйнур Садыров, Нурлан Кыштообаев, Карыбек Ибраев. Биз жоого чыгып жатканда катарыбызды карап албайлыбы, ишеничтүү адамдар мененбизби? 200 миңдеген долларды алып, азыр бардык былыктары чыгып жатат. 2012-жылы Садыр Жапаров комиссия түзүп, маселени Жогорку Кеңешке алып чыкканда Карыбек Ибраев Кумтөрдүн кызыкчылыгын коргошкон. Экологиялык, экономикалык бузуулар жок деп. Эми бүгүн кендин ишин текшерген комиссияга эксперт болуп калыптыр. Буларга кантип ишенебиз”, — деди Бакиров.


Булак: "Марал" радиосу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн