Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Лейлек районуна жаңы мектептердин салынышын талап кылды

03.02.2022 14:38
1612
Депутат Лейлек районуна жаңы мектептердин салынышын талап кылды

Лейлек районунда бир нече мектеп авариялык абалда жана аларды жаңылоо боюнча качан иштер ишке ашат? Мындай суроону Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.


Анын айтымында, Лейлек районунда бир нече мектеп авариялык абалда турат.


"Лейлек районундагы Булак-Башы, Миң-Жыгач, Мырза-Патча айылдарындагы мектептердин абалын көргөн адам шок болот. Өкмөт өкүлдөрү дагы көрүп оңдойбуз деген бойдон унутуп коёт. Ошондуктан мен бул айылдарга жаңы мектептин салынышын талап кылам",- деди депутат.


Ошондой эле Ажибаев Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрө турган "Ишеним" жана"Ынтымак" фракциясын Лейлек районундагы чек ара аймагына барууну суранды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Медеп
Эн туура