Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Матраимовдун конфискацияланган батирлерин УКМК кызматкерлерине берилишине нааразы

24.12.2020 15:26
622
Депутат Матраимовдун конфискацияланган батирлерин УКМК кызматкерлерине берилишине нааразы

Депутат Айгерим Бешимбаева Райымбек Матраимовдун конфискацияланган батирлерин кризистик борборлорго жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Эл өкүлү кризистик борборлордун жоктугун жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны көбөйүп жаткандыгын белгиледи.           

                 

 «Эмнеге Райымбек Матраимовдун батирлерин УКМК кызматкерлерине берилет? Аларды кризистик борборлорго жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө пайдалануу үчүн беришибиз керек», - деди ал.


Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, балким, депутаттар кайрылса, УКМК батирлерди кризистик борборлорго өткөрүп берүүгө макул болот деп жооп берди.


Эске салсак, бүгүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн накталай акчадан тышкары тогуз батирди жана бир соода борборун мамлекетке өткөрүп бергенин айткан. Турак жай буга чейин атайын кызматтын кызматкерлерине бөлүштүрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн