Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев "Элдик" депутаттык тобунун отурумунда Тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаровдун айткандарын сынга алды.
Анын айтымында, Кыргызстан жарандарын миграция жөнөтүүнү эмес, жумуш орундарын түзүүнү ойлонуш керек.
"Сиз миграция Россия гана эмес башка альтернативдик өлкөлөрдү издеш керек дейсиз. Бул туура эмес.
Биз жарандарыбызды сыртка эмгек миграциясына жөнөткөндүн ордуна өзүбүздүн өлкөдө жумуш орундарын түзүүнү ойлонушубуз керек",- деди депутат Ажибаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн