Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Депутат Никитенко вируска чалдыккан 12 милицияга ыраазычылык кат жолдоду

23.04.2020 19:01
950
Депутат Никитенко вируска чалдыккан 12 милицияга ыраазычылык кат жолдоду


Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы, депутат Наталья Никитенко COVID-19 илдетине кабылган укук коргоо органдарынын 12 кызматкерине кайрылуу жолдоп, алардын азыркы учурда аткарып жаткан жооптуу милдеттерине ыраазычылык билдирди.


"Бүгүн өлкө үчүн өзгөчө болгон ушундай мезгилде, пандемия кризисинин шарттарында иштеп сиздердин көрсөткөн кесипкөйлүгүңүздөргө, кайратыңыздарга мен өзүмдүн сый–урматымды айткым келет. Сиздер укук тартибин жана биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилигин гана эмес, өлкөнүн ар бир жаранынын ден соолугун жана укуктарын камсыз кылуу боюнча дагы жоопкерчиликти өз мойнуңуздарга алдыңыздар. Өзүңүздөрдүн антыңыздарды ушундай өзгөчө, дүйнөлүк пандемия сыяктуу шарттарда аткаруу керектигин эч ким билген эмес. Бардык көйгөйлөргө карабастан, биздин милиция, ички аскерлердин жана Улуттук гвардиянын жоокерлери өз милдетин жана антын намыстуулук менен аткарып жаткандыгын, биз сыймыктануу менен айта алабыз”, - дейт Н.Никитенко.


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Н.Никитенко баштаган бөлүмдүн адистери коомдук коопсуздуктун сакчылыгында туруп, дартка чалдыккан аталган пагончондорго азык-түлүк түрүндө колдоо көрсөтүп, алардын абалынан кабар алышты. Мындан мурдараак, аталган комитет жумуш учурунда вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине дагы ыраазычылык билдирген.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн