Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Депутат Ошто админресурс колдонулуп жатканын айтып чыкты

27.10.2021 11:19
499
Депутат Ошто админресурс колдонулуп жатканын айтып чыкты

Ошто админресурс колдонулуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн, 27-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.


"Бүгүнкү күндө шайлоонун шайтан оюндары башталды. Ош аймагынан койгон айрым талапкерлерге облустун башчыларынын орун басары, прокурорлор административдик ресурс колдонуп, президенттин саясатына каршы иштер кетип жатат. Президент дүйнө таң кала тургандай шайлоо өтсүн деп жатат. Бирок ага карабастан баягы бай-манаптар, 10 жылдан бери ушул жерде отуруп жыттанып кеткен талапкерлер дагы эски оорусун кармап, административдик ресурс колдонуп баштады", - дейт ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн