Бугу 15, 2024
Убакыт: 23:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат Памирлик кыргыздардын тарыхын билбеген министрдин орун басарын сынга алды

22.02.2023 14:38
248
Депутат Памирлик кыргыздардын тарыхын билбеген министрдин орун басарын сынга алды

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин депутаты  Жусупбек Коргонбай уулу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаеванын ишин сынга алды.


"Сиз Памирлик кыргыздар тууралуу тарыхты ачып караңыз. Бул улуттук маселе болуп жатканда олуттуу караш керек.

Алар сиз менен мага окшогон эле кыргыздар. Алар Орус падышалыгынын, Совет бийлигинин адилетсиздигине чыдабай жер которуп кеткен туугандарыбыз.

Эми аларга жарандык берүүдө татаалдаштырбагыла. Документтери жок болсо кайдан табат?",- деди депутат.


 Коргонбай уулу жарандык берүүдө этникалык кыргыздарга эмес эмес, "разведчиктерди" жакшылап кароону сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн