Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Россиянын шаарлары менен автобус каттамын жандантууну сунуштады

10.03.2022 12:51
767
Депутат Россиянын шаарлары менен автобус каттамын жандантууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламенттин жыйынында министрлер кабинетинен Россия менен автобус каттамдарын ачууну талап кылды.


Эл өкүлүнүн айтымында, Россиядагы көптөгөн чет элдик компаниялар иштерин токтотуп, мындан улам мигранттар жумушсуз калып, оор абалда турушат. Азыр эки эле авиакомпаниянын учактары каттап, билет кескин кымбаттап кетти.


"Сизден суранат элем, тез арада Казакстан жана Россия менен сүйлөшүп, Бишкек — Москва темир жол каттамын жандантыңыздар. Андан сырткары, пандемияга чейин Бишкектен Россиянын бардык шаарларына автобус каттачу эле. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол автобус каттамдарын тез арада ачыңыздар. Мурда жол кире 5000 сом гана болчу. Маселени чечип берсек, мигранттарга жардамыбыз ушул болмок", — деди Токтошев президенттин өкүлүнө кайрылып.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ибрагим
Тез арада ишке ашыруу керек, Россияга жакында эле баргам, иш жок кайра кайтуу керек самолетко карыз алып, аран акча таап кеткен элем. Эми кайра кайтканга акчам жок. Автобус, темир жолду тез арада ишке ашыруу керек. Ошого акча карыз сурап кайта аламын