Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков Швецияда ыйык Курандын күйгүзүлүшү тууралуу пикирин билдирди.
Депутаттын айтымында, ар бир адам өзү каалаган динди карманууга укуктуу.
"Швецияда партия лидерлеринин демонстрацияда биздин диндин өзөгү болгон Куран китебинин күйгүзүлүшү көптөгөн мусулмандарды алардын катарында менин да зээнимди кейитти.
Мен Швеция бийлиги аталган жарандарга тиешелүү чараларды көрөт деп ишенем.
Ошондой эле мусулман бир туугандарыбызды сабырдуу болууга чакырам",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн