Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутат Тажикстандын кол салуусунан кийин дайынсыз болуп жаткан жоокер тууралуу маалымат берүүнү суранды

27.09.2022 11:46
1036
Депутат Тажикстандын кол салуусунан кийин дайынсыз болуп жаткан жоокер тууралуу маалымат берүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков дайынсыз болуп жаткан жоокер тууралуу маалымат берүүнү суранды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.


«Чек ара чырынан кийин Талас облусунун Кара-Буура районундагы биздин жоокерибиз дайынсыз болуп жатат. Ата-энелери күтүп жатат. Күч органдары бул боюнча кандай иш жүрүп жатканы тууралуу жыйынтык берип койсо. Маалымат берели. Бизде дагы так маалымат жок. Кийинки отурумда же жазуу түрүндө маалымат берип койсоңуздар», — деди ал.


Дастан Анарбеков 17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана УКМКга кайрылышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн