Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутат Темирбаева чек арадагы айылдарга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын билдирди

26.01.2023 11:47
209
Депутат Темирбаева чек арадагы айылдарга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын билдирди



 Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган маселелерге токтолду.


Муну менен катар Баткен облусу боюнча чек ара статусун 62 айыл алганын айткан эл өкүлү: “Анын ичинен 14 айыл Лейлек районундагы чек арага чектеш алыскы айылда орун алган. Ал жактагы тургундардын жашоо жагдай оор. Жумушсуздуктун айынан ички жана тышкы миграциянын агымы жылдан жылга көбөйүүдө. Андыктан, абалда жөнгө салып, калкка көмөк көрсөтүү бүгүнкү күндүн башкы талабы”, – деди.

Ошондой эле социалдык мекемелерде эмгектенгендердин айлык маянасын жана жарандардын пенсияларына байланышкан маселелерге токтолуп, аталган айылдарга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.


 "Лейлек районунда болуп өткөн акыркы окуяларды эске алып, 26 жылдан бери унутулуп калган КР Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндөгү” №377 токтомунда белгиленген 1,10 (10%) көрсөткүчүн райондун табыгый шартынын өтө татаалдыгын жана борбордон 1 200 км алыстыкта жайгашканын эске алуу менен бир нече ирет көтөрүү зарыл", -деди эл өкүлү Миргүл Темирабева.


Ал белгилегендей, жалпы Лейлек жана Баткен райондоруна 1,50 (50%) көрсөткүчтөн кем эмес, ал эми чек арага чектеш Баткен районундагы Ак-Сай, Лейлек районундагы Интернационал, Максат, Борбордук жана Арка айылдарына 1,80 (80%) көрсөткүчтөн кем эмес көтөрүү керек. Бул маселе боюнча депутат тиешелүү министрликке протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн