Чын курандын 16, 2025
Убакыт: 17:14
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Депутат Тынчтык Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланды

03.09.2020 13:37
1015
Депутат Тынчтык Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланды


Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Шайназаров Тынчтык Урайимович Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган. Жыйынтыгында 81 депутат колдоп, 4 депутат каршы болду.

Буга чейин БШК мүчөсү Назарали Арипов өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Тынчтык Шайназаров кесиптештерине ыраазычылык билдирүү менен, жакында өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн