Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Украинада болуп жаткан окуяларга байланыштуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда айтты.
Анын айтымында, Кыргызстан Украина жана Россия менен Совет доорунда 70 жыл чогуу жашаган.
"СССРдин курамында эки өлкө менен 70 жыл чогуу жашадык. Украина жана Россия биз үчүн бир тууган эл. Донецк жана Луганск облустарында болуп жаткан окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңеш кырдаалдын тынчтык жолу чечилиши тууралуу билдирүү жасаш керек",-деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн