Бүгүн Жогорку Кеңеште "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
Депутат Абдывахап Нурбаев чек арада жайгашкан айылдарга жеңилдиктерди берип, салыктан толук бошотууну сунуштады.
"Чек арадагы айылдардын маселеси ыкчам чечилиши керек. Аны создуктуруунун кереги жок. Айылдарга мүмкүнчүлүк түзүп, ишкердик кылам дегендерди салыктан бошотуш керек",- деди Нурбаев.
Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев аталган сунуш министрлик тарабынан каралып жатканын билдирди.
Пикирлер (1)