Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөн менен олуттуу өзгөрүү болбогонун билдирди

29.12.2022 14:06
313
Депутат дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөн менен олуттуу өзгөрүү болбогонун билдирди

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети үчүнчү окууда каралды.


Жыйындын жүрүшүндө депутат Гуля Кожокулова дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөн менен олуттуу өзгөрүү болбогонун билдирди.


Ал эми ММКФнын төрагасы Азамат Муканов: «2021-жылы дарыгерлердин орточо эмгек акысы 12 миң 897 сом болсо, быйыл 19 миң 346 сомго өстү. Медайымдардын эмгек акысы 11 миң 739 сом болсо, учурда алардын маянасы 17 миң 609 сом, кенже медициналык кызматкерлер мурда 9 миң 989,4 сом алышса, учурда бул сумма 14 миң 984,4 сомду түздү», - деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн