Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ниязбек Арзыбаев иш таштаган маршруттук фирмалардын лцензиясын жокко чыгарууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, тез арада жүргүнчү ташый турган фирмалар үчүн жаңы тендер жарыялоо керек.
"Азыр иш таштап, элди көчөдө калтырган машруттук таксилердин лицензиясын жокко чыгаруу керек. Аларды тендерге катыштырбай, башка фирмалар үчүн тендер жарыялаш керек",- деди депутат.
Пикирлер (7)