Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Шаршеев Бакыт Октябрович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн