Жумуш учурунда коронавирусту жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөнүп берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Эгерде 200 миң сомдон төлөй албасаңар, анда аны 80-70 миң сомго чейин түшүрө аласыңарбы? Документтери же күбөлүктөрү жок экенине шилтеме берип, бербей коюу мүмкүн эмес. Дарыгерлерге компенсация төлөшү керек», – деди Нышанов өкмөткө кайрылып.
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын айтымында, компенсация сураган 2500 дарыгердин ичинен 758 гана дарыгер 200 миң сом өлчөмүндө компенсация алышкан. Калган арыздар каралып жатат.
Пикирлер (4)