Өзүңүз окуучуларга бере турган 7 сомдук тамак жеп көрдүңүзбү? Мындай суроону Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда берди.
Надира Джусупбекова азыркы учурда азык-түлүк кымбаттагандыктан окуучуларга кургак азык-түлүк берилип жатканын билдирди.
"Балдарга калп эле күйүмүш болуп коебуз. Алар жеген тамакты сиздер жебейсиздер. Мен ошону гана айткым келди",- деди депутат.
Пикирлер (1)