17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын ратификациялоо жөнүндө мыйзам каралды.
Жыйындын жүрүшүндө баяндамачы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакировдун суроо-жообу айтышууга айланып кетти.
Жыйындан кийин депутат Бакиров Камчыбек Ташиев менен болгон кайым айтышуу боюнча өзүнүн пикирин билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кызматкер энеге чейин асылып сөгүнбөш керек. Бакиров эрте-кеч Кудай ар кимге ким чын экенин көрсөтөрүн кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн