Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат "Элдик курултай" жөнүндө мыйзамдын кемчиликтери бар экенин билдирди

17.05.2022 12:14
793
Депутат "Элдик курултай" жөнүндө мыйзамдын кемчиликтери бар экенин билдирди


Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери комитетинде «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору талкууланып жатат.




Акаев «Элдик курултайдын» иштеши боюнча мындай сунуштарды берди:


«Элдин атынан президент, Жогорку Кеңеш сүйлөйт, он миңденген, 100 миңдеген добуш алган адам элдин атынан сүйлөөгө моралдык да, мыйзамдык да укугу бар. Бирок курултай тууралуу мыйзам боюнча, бир добуш албай туруп өлкөнү башкаруу саясатына кийлигишүү логикага да жатпайт. Биз аксакалдарды сыйлайбыз. Конституцияда жазылып калгандан кийин эми бир жолун табалы. Менин сунушум, «Элдик курултай» өтсүн, келсин, президенттин кайрылуусун уксун да үйлөрүнө тарап кетишсин, болду. Башка укуктарды ким берди буларга? Бир шайлоого катышып, добуш албаган, бирок сүйлөсө ааламдан сүйлөйт, шайлоого катышса 17 добуш алат, ошолорду алып келип төргө отургуалыбы? Бул мыйзам кабыл алынса Жогорку Кеңеш тарап кетишибиз керек. Ошондуктан мен долбоорго каршы добуш берем» , — деди депутат Акаев.


Ал арада депутат Элмурза Сатыбалдиев менен Чолпонбек Абыкеевдин ортосунда келишпестик чыкты.


Чолпонбек Абыкеев депутаттан кечирим сурап, сөздү образдуу түрдө айтканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн