Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Депутат "кызыл зонада" иштеген дарыгерлерге компенсация төлөнбөгөнүн айтты

11.05.2022 11:17
1029
Депутат "кызыл зонада" иштеген дарыгерлерге компенсация төлөнбөгөнүн айтты

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова "кызыл зонада" иштеген айрым дарыгерлерге компенсация төлөнбөгөнүн айтты.


Анын айтымында, Кадамжай районунда коронавирус пандемиясынын учурунда "кызыл зонада" иштеген дарыгерлерге компенсация бериле элек.


"Бул жерге Саламаттыкты сактоо министри келгенде Кадамжай районунда COVID-19 менен иштеген 27 медициналык кызматкерге компенсация бериле элек экенин айттым эле. Ал "бүгүн чечип берем" деген менен дарыгерлер азыркыга чейин акысын ала элек экен.

Бул маселе чечип бериңиздер",- деди депутат Султанбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн