Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат: Өзбекстанга мыйзамсыз сатылып жаткан сууга ким жооп берет?

26.07.2021 15:27
1105
Депутат: Өзбекстанга мыйзамсыз сатылып жаткан сууга ким жооп берет?


Ноокенде Өзбекстанда мыйзамсыз, уурдоо жолу менен суу өткөрүп бергендер бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев бүгүнкү сессияда айтып чыкты.


Ал чек ара кызматынын өкүлдөрүнө кайрылып, бул жагдай боюнча текшерүү жүргүзүү укугуңар барбы деп сурады.


"Момбеков менен Ноокен айыл өкмөтүнө Майлуу-Суунун сайынан канал келет. Ал Өзбекстан менен чектеш аймактан өтөт. Өзүбүзгө суу жетпей дыйкандар кургакчылыкта кыйналып жатса, жеке кызыкчылыгын ойлогон жарандар труба менен Өзбекстанга сууларыбызды өткөрүп берип жатат. Ушул маселени Чек ара кызматы карап, текшерүү жүргүзө алабы?", - деп суроо койду.


Ошону менен бирге, бул бир эле жерде эмес, Жалал-Абад облусу боюнча бир нече жерде экендигин эскертти. Эске сала кетсек, Ноокен районунун тургундары биздин редакцияга да жеринен тартылган тасмаларды жиберип, окуя боюнча кабарлаган болчу. Тиешелүү органдардын жооп алууга кабарчылар аракет кылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн