Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Депутаттар Кореядагы шайлоо жабдуулары менен таанышты

22.02.2023 16:20
295
Депутаттар Кореядагы шайлоо жабдуулары менен таанышты

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Соннам шаарындагы “Miru Systems” компаниясынын технологиялары менен таанышты.


Алсак, 1999-жылы түптөлгөн компаниянын учурдагы президенти Чон Джин Боктун айтымында, ишканада шайлоо жараяндарына керектүү заманбап жабдуулар жана шаймандар жасалат. Тагыраагы, компания шайлоо бюллетендерин, баракчаларды жана жалпы идентификациялык карталарды даярдоочу заманбап принтерлерди чыгарат. Муну менен катар мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө, жогорку ылдамдыкта бюллетендерди саноого жана сорттоого керектүү долбоорлорду ишке ашырат. Алар Кыргызстан баштаган дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулуп келет. Өзүнүн өндүрүштүк жайы бар “Miru Systems” компаниясы мыкты логистикалык системасы аркылуу буйрутмаларды өз убагында аткаргандыгы менен өзгөчөлөнөт.


Компаниянын президенти менен баарлашуу учурунда төрага Нурланбек Шакиев Корея Республикасы Кыргызстандагы шайлоо жараяндарын реформалоого чоң салымын кошуп, 2015-жылдан бери добуш берүү өнөктүктөрүн техникалык жактан колдоп келе жаткандыгын эске салды.


“Биз шайлоолорубуздун ачык-айкын жана акыйкат өтүшүн камсыздаган “Miru Systems” компаниясынын жабдууларына жогору баа беребиз. Андыктан калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, жаңы чыгарылган акыркы технологияларды келечекте өтүүчү шайлоолорубузда да колдонууга кызыкдарбыз”, – деди Төрага Нурланбек Шакиев.


Өз кезегинде компаниянын президенти Чон Джин Бок убакыт бөлүп, өндүрүш менен таанышканы үчүн төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегациягы ыраазычылык билдирип, жаңы чыгарылган жабдуулар тууралуу кеңири маалымат берди.


“Жалпы добуш берүү өнөктүгүн жакшыртууга жана андагы кагаздардын ысырап пайдаланылышын чектөөгө багытталган акыркы технологияларыбызды дагы сунуштайбыз”, – деди Чон Джин Бок. Жолугушуунун жүрүшүндө компанияда эмгектенген кыргызстандык адис Тилек Шыгай депутаттарга шайлоого керектүү жабдуулардын иштөө процесстерин көрсөтүп берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн