Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимди Жогорку Кеңештин депутаттары жабык эшик артында талкуулайт. Бул тууралуу 24.кг агенттиги кабарлады.
Кыргызстан менен “Центерра” Кумтөр боюнча келишимге кол коюшканын президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов бүгүн, 9-мартта билдирди.
Келишимдин шарттары азырынча ачыктала элек.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын бийлиги 15-мартка чейин "Центерра" менен тынч ажырашууну макулдашканын билдирген. Ага чейин канадалык компания өзүнүн талаптарын жарыялаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн