Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын Түркияга алынып кетиши боюнча маалымат угат.
Депутат Чыңгыз Макешов укук коргоо органдарына жыйынга келип маалымат бериши керектигин белгиледи.
"УКМК кайда карап отурат? Контрчалгындоо деген жокпу? Же жалаң депутаттар менен бизнесмендерди камап отурабы? Орхан Инандынын Түркияга уурдалып кетиши боюнча маалымат берсин",- деди Дастан Бекешев.
Жыйынтыгында депутаттар укук коргоо органдарынын маалыматын угуу боюнча чечим кабыл алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн