Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек өргүүсү үчүн 200-300 миң сомдон акча алат деген маалымат боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы айтылган маалыматты төгүндөдү.
"ЖМК жана социалдык тармактардын колдонуучуларынан маалыматты тактап, андан кийин чыгарууну суранабыз",- деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, мурдагы депутат Исхак Масалиев депутаттар эмгек өргүүсү үчүн 200-300 миң сом акча алат деп социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн