Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:36
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутаттар менен күч структураларынын жетекчилери аскердик кызмат жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулады

15.02.2023 12:38
197
Депутаттар менен күч структураларынын жетекчилери аскердик кызмат жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев КРнын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын талкуулоо максатында жумушчу кеңешме өткөрдү. Аталган мыйзам Сыдыгалиев баштаган депутаттар тобу тарабынан демилгеленген. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, талкууга укук коргоо органдарынын, куралдуу күчтөрдүн, улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү катышты.


Жыйынды ачып жатып, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев мыйзам чыгаруу демилгесинин концепциясына токтолуп, түзөтүүлөр укук колдонуу практикасын эске алуу менен офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагын иретке келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.


Ошондой эле Нурбек Сыдыгалиев документти иштеп чыгуунун алдында бардык кызыкдар тараптардын, аскердик эксперттердин катышуусунда кеңири талкуулар өткөнүн кошумчалады.


«Маалым болгондой, чектүү куракты капитандарга 43төн 45ке, майорлорго 48ден 50гө, подполковниктерге 48ден 53кө, полковниктерге 53төн 55ке чейин жогорулатуу сунушталган. Бул чара аскер кызматкерлери тарабынан топтолгон кесиптик билимди жана күжүрмөн тажрыйбасын натыйжалуу пайдалануу үчүн иштелип чыккан. Парламент мыйзам долбоорун үч окууда колдоп, бирок Президенттин каршы пикири менен мыйзам артка кайтарылды, анда мыйзамды колдонуу аскер кызматындагы кадрларды жаңылоого каршы келет деген жүйөө келтирилүүдө», - деди Сыдыгалиев.


Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары бүгүнкү жыйын ачык баарлашуу аянтчасы экенин белгилеп, катышуучуларды өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтууга чакырып, мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорунда макулдашуу учурунда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет тарабынан оң да, терс да корутундулар берилгенин маалымдады.


Өз кезегинде КР Коргоо министри Бактыбек Бекболотов мыйзамды колдоп, учурда аскер кызматкерлери күчкө толуп турган куракта пенсияга чыгууга аргасыз болуп жатканын белгиледи.


Ал эми УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов белгилегендей, азыркы мыйзамдарда офицердик курамдын, коллегиянын чечими менен аскер кызматын өтөөнүн мөөнөтүн 3 жылга чейин узартууга жол берген жобо бар.


Андан соң жыйындын бардык катышуучулары бул мыйзам боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышып, талкуунун жыйынтыгында кеңешменин протоколун Кыргыз Республикасынын Президенти – өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаровго жөнөтүү боюнча чечим кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн