Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо күтүлүүдө. Жаңы парламент өткөн жылдын октябрында түзүлүшү керек эле. Бирок элдик толкундоонун арты менен бийлик алмашып, шайлоонун жыйынтыгы да жокко чыгарылган.
Үстүбүздөгү жылдын 5-майынан тарта жаңы Конституция иштей баштады. Ага ылайык, депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскарып, талапкерлердин курагы 21ден 25 жашка чейин жогорулайт.
Бул ЖК депутаттарын шайлоодогу өзгөртүүлөрдүн чакан гана бир бөлүгү, алдыда дагы кызыктуу жагдайлар менен тааныштырабыз.
Президенттик администрация шайлоо системасы боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып сайтына жарыялады. Документ май айынын аягында коомдук талкууга чыгарылган, жакынкы күндөрү парламентте каралары күтүлүүдө.
Пикирлер (1)