Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутаттыкка талапкер Эртай Исаков эки айга камалды

18.07.2023 09:30
200
Депутаттыкка талапкер Эртай Исаков эки айга камалды


Сокулук райондук сотунун чечими менен белгилүү блогер, Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Исаков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

Ал КР КЖКнин 279-беренеси (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча айыпталууда.

Эске сала кетсек, 14-июлда саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында болжол менен 150дөн ашык белгисиз адамдар алдын ала макулдашуу боюнча коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузушуп, «Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам» деген шылтоо менен Бишкек-Күн-Туу унаа жолун тосуп, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытышкан.

Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-беренесинде көрсөтүлгөн (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренесинде көрсөтүлгөн (Бейбаштык) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иштери козголгон.

2023-жылдын 15-июлунда жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип, 1990-жылы туулган Э.И., 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар КР КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2023-жылдын 17-июлунда кылмышка шектүүлөргө айыбы угузулуп, аларга карата баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчү Сокулук райондук сотуна келтирилген.

Сокулук райондук сотунун Тергөө судьясынын чечими менен 1990-жылы туулган Э.И. аттуу айыпталуучунун кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылып, ага карата Бишкек шаарындагы № 1 Тергөө абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды, ал эми 1974-жылы туулган Б.Б. аттуу айыпталуучуну жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу айыпталуучунун кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жана баш коргоо чарасы каралууда.

Тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн