Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дибаладан коронавирус төртүнчү ирет тастыкталды

29.04.2020 16:48
934
Дибаладан коронавирус төртүнчү ирет тастыкталды


“Ювентус” клубунун чабуулчусу Пауло Дибала коронавируска төртүнчү ирет тест тапшырып, илдет дагы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Аргентиналык футболчу эң алгач 21-мартта тест тапшырып, андан коронавирус аныкталган. Ал эми апрель айынын башында тапшырган анализинен да инфекция табылган жана бир нече суткадан кийин кайрадан тест тапшырып андан илдет кайрадан байкалган.


Дибаладан сырткары “Ювентус” командасынан Даниэле Ругани жана Блез Матюидиден COVID-19 вирусу аныкталган болчу.


Италияда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 200 миңден ашты.


“Ювентус” командасы Серия А чемпиондугунда тизменин сап башында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн