- Динара айым, жазаларды өтөө кызматы өзгөчө режимдеги колонияларда өмүр бою кесилгендердин иштеп, акча табуусуна мүмкүндүк берүүнү сунуштап жатыптыр. Бул сунушка сиз кандай карайсыз?
- Ага чейин өмүр бою кесилгендерди иштетүүгө тыюу салынчу экен. Мыйзамдын жаңы редакциясында ошол беренени алып коюштуптур. Башкача айканда, өмүр бою кесилген кишилер иштегенге мүмкүнчүлүк алат. Негизи, мен аны колдойм. Себеби, адам өмүр бою кесилгенде деле ал мунапыстан, же президенттин ырайым берүүсүнөн үмүт кылганга укугу бар. Кээ бир учурларда соттук катачылык болуп калышы мүмкүн. Дегеле тагдыры татаалдашып, өмүр бою кесилсе дагы, мамлекеттин мойнунда отурбастан, иштеп, жок дегенде өзүнүн тамагын жакшыртып, балким, айлыгын үй-бүлөсүнө салып турганы жакшы да. Азыр болсо өмүр бою кесилгендер мамлекеттин эле эсебинен жашап жатышпайбы. Кайра эле кылмышкер кишилерди биздин салык төлөөчүлөрдүн эсебинен багып келебиз. Ошон үчүн иштешсин.
- Туура. Бирок, бул жерде бир ньюанс бар. Өмүр бою кесилгендердин арасында өлүм жазасына татыктуу, бирок биздин мыйзамда андай катаал жаза алынып салынганы үчүн камакта отургандар бар да?
- Каалаганы иштейт да. Алардын баарын “иштесин” деп мажбурлаган деле болбойт. Жазаны аткарууда “катуу, күчөтүлгөн” деп бөлүнөт. Өмүр бою кесилгендердин да өз режимдери бар. Эгер адам өзү ыйманга келип, “иштейин, жок дегенде үй-бүлөмө пайда алып келейин” деген ойго келсе, иштетсе болот. Аларды мажбурлап эч ким иштетпейт.
- Кечээ комитетте дагы бир көйгөй – телефон алдамчылар жөнүндө да сөз козголду. Таңкалычтуусу, алардын арасында түрмөдө отургандар да бар экен. Бул маселени кантип чечиш керек деп ойлойсуз?
- Жалгыз эле бизде эмес, бүт дүйнөдө алдамчылар санариптештирүү боюнча бирдекелерди үйрөнүп алышып, элди алдап атышпайбы. Ошондуктан, бул жерде санариптештирүү минстрлиги катуу иштеши керек. Экинчиден, бул жазаларды өтөө системасындагы коррупциядан кабар берет. Камакта отургандарда байланыш каражаттары болбошу керек да. Андыктан, ал жактагы коррупцияны жоймоюнча, мындай көрүнүштөр улана берет. Муну биз санариптештирүүнүн күчү менен гана жеңе алабыз. Айталы, телефондорду сигнал боюнча таап коё турган аппарататтар СИНдин эмес, башка мекеменин аймагында жайгашып, “мобул камераңарда он беш уюлдук телефон турат” деп таап коё тургандай кылыш керек. Андыктан, бул көйгөй инновациялык жол менен, бир жылда эмес, акырындап жоюлат.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн