Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова комитеттин төрайымдык кызматынан өз каалоосу менен баш тартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Анын айтымында, депутат айым башка милдеттерди да аткаргандыктан кызматтан баш тарткан.
Нуржигит Кадырбеков Динара Ашимованын ордуна фракция мүчөсү Венера Раимбачаеваны сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн