Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 13:59
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Дыйкандарга Бишкек — Ош жолун тоскону боюнча кылмыш иши козголду

28.06.2021 19:40
945
Дыйкандарга Бишкек — Ош жолун тоскону боюнча кылмыш иши козголду


Москва районунун Петровка айылында Бишкек — Ош унаа жолун тоскон дыйкандар боюнча сотко чейин өндүрүш ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, бүгүн саат 15:54төр чамасында Жайыл районунун тургундары суу тартыштыгына нааразычылыгын билдирип негизги трассаны тоскону тууралуу милицияга маалымат түшкөн.


"Аталган жерге Москва райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Мындан сырткары, коомдук тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери да тартылган. Алар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жол саат 16:05те ачылды", - деп айтылат маалыматта.


Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн