Чүйдүн Ысык-Ата-районунун Дмитриевка айылындагы атайын операция аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда аталган айылдан курчоо алынды. Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу болуп, бир террорист жок кылынгандыгы маалымдаган.
Күч органдарынын эки кызматкери жаракат алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн