Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дмитриевкадагы атышуу: Жабыркаган күч органынын абалы айтылды

17.05.2023 18:57
354
Дмитриевкадагы атышуу: Жабыркаган күч органынын абалы айтылды

Дмитриевка айылында шектүүнү кармоо боюнча атайын операция учурунда жабыркаган укук коргоо кызматкеринин абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.


Ведомствонун маалыматы боюнча, 991-жылы туулган жабырлануучу Э.Т. саат 10:45те сол санына ок тийип, тез жардам кызматы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.


Дарыгерлер Хофман аппараты менен окту алып чыгуу боюнча жана жамбашынын сөөгүнүн сыныгына операция жасашты.


Бейтаптын операциядан кийинки абалы канааттандырарлык деп бааланууда, учурда дарыланып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн