Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Добуш сатып алуу, админресурсту кыянат пайдалануу боюнча БШКга 41 арыз түштү. Алар жазага тартылат

01.04.2021 17:52
966
Добуш сатып алуу, админресурсту кыянат пайдалануу боюнча БШКга 41 арыз түштү. Алар жазага тартылат


Кечээ, 31-мартка карата добуш сатып алуу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча 41 арыз келип түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев Коом press маалымат агенттигине билдирди.


Анын айтымында, шайлоочулардан - 16, ЖМКдан – 7, саясий партиялардан – 3, талапкерлерден – 10, коомдук бирикмелерден – 3, аймактык (Бишкек, Ош, Токтогул) шайлоо комиссияларынан бир арыз келип түшкөн.


К.Осмоналиев белгилегендей, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону Аймактык шайлоо комиссиялары уюштурат. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы көзөмөл кылат. Аймактык шайлоо комиссияларынын жана БШКнын алдында ыкчам таасир этүүчү топтор уюштурулуп, алардын катарына күч органдарынын (ИИМ, УКМК, прокуратура) өкүлдөрү кирген. Алар келип түшкөн ар кандай мазмундагы арыздарды текшерип, чара көрүү иштерин алып барышат.


“Учурда үгүт кампаниясы кызуу жүрүп жаткан маалы. Добуш сатып алуу жана башка мыйзамсыз аракеттер боюнча арыздар түшүп жатат. Мындай маалыматтар атайын журналга катталып, тергөө иштери жүрөт. Мыйзамга ылайык, бул фактылар далилденсе, кылмыш кодексинде көрсөтүлгөн беренелер боюнча жазага тартылат. Биринчи, эскертүү берилет, дагы кайталанса айып салынат, андан дагы аша чапса талапкер катары каттоосу жокко чыгарылат”, - деп билдирди Осмоналиев.


Учурдан пайдаланып ал, талапкерлерди үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзамды бузбоого чакырып, Конституциялык жоопкерчиликти сактоону өтүндү. 



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Шайлоо таза отот деп бироолор убаданы берди еле.Ошол ошол бойдон