Америка кошмо штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамптын Twitter социалдык тиркемесиндеги расмий баракчасы кайрадан ачылды. Бул тууралуу BBC кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Твиттердин" жаңы кожоюну Илон Маск өзүнүн баракчасында Трамптын баракчасын кайрадан калыбына келтирүү, келтирбөө тууралуу сурамжылоо жүргүзгөн.
Натыйжада 52 пайыз добуш берүүчүлөр Дональд Трамптын баракчасын калыбына келтирүүнү колдогон.
Мындан улам Twitter мурдагы президенттин баракчасын калыбына келтирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн