Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Доскул Бекмурзаев Түркиянын парламент төрагасы Шентоп менен кызматташтыкты талкуулады

08.10.2021 12:35
900
Доскул Бекмурзаев Түркиянын парламент төрагасы Шентоп менен кызматташтыкты талкуулады


Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.


Жолугушууда өнөр жай жана технологиялар багытындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. 


Анда Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргыз Республикасы менен Түркия стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп, өнөр жай багытында кызматташтык боюнча кол коюлган келишим эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн көбөйтүүгө негиз болот деген ишенимин билдирди. 


Ал эми Мустафа Шентоп Түркия тарап Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.  


Муну менен катар Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез менен жолугушту. 


Жолугушуу эки өлкөнүн энергетика багытында кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн